Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитети тарабынан мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар талкууланды.
Ошондой эле тараптар аймактык коопсуздук маселелерине токтолуп, заманбап коркунучтарга жана жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча пикир алмашты. Эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар да талкуунун маанилүү бөлүгү болду.
Жолугушуунун соңунда Адилет Орозбеков ЖККУнун потенциалын жана кадыр-баркын чыңдоого активдүү салым кошууга даяр экенин белгилеп, Таалатбек Масадыковго жаңы кызматындагы ишине ийгиликтерди каалады.