Бүгүн, 15-апрелде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде Жаштар парламенти тарабынан уюштурулган “Жаштар – билим – эл аралык кызматташтык” форуму жана “Жогорку Кеңештин модели” иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар, интерактивдүү сессиялар жана тренингдер уюштурулуп, катышуучулар заманбап билим берүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомдук-саясий активдүүлүктү арттыруу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары "Жогорку Кеңештин модели" форматында студенттер депутаттардын ролун аткарып, мыйзам долбоорлорун сунуштоо, талкуулоо жана кабыл алуу процесстерин практикалык негизде өздөштүрүштү.
Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ОшМУнун Жаштар парламенти менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк региондук өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.
Иш-чара жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана мамлекеттик башкаруу системасын терең түшүнүүгө багытталды.