Биз социалдык тармакта

Улуу Британияда украиналык дрон чыгаруучу компаниянын филиалы ачылды

Улуу Британияда украиналык Fire Point дрон өндүрүүчү компаниясынын филиалы ачылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ишкана Англиянын чыгышындагы Милденхолл шаарында, Королдук аба күчтөрүнүн базасынын аймагында жайгашкан. Тактап айтканда, филиал Вест Роу Роуд көчөсүндө орун алган, ал көчө дээрлик толугу менен аскердик базага тиешелүү.

Ошондой эле британ бийлигинин маалыматы боюнча, бул аймакта дагы бир украиналык дрон өндүрүүчү компания — Ukrspecsystems да иш алып барат.

Белгиленгендей, ушул жылдын февраль айында дал ушул жерде Украина менен Улуу Британия биргелешкен учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү долбоорун башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан