12-апрелде Бишкек шаарындагы “Газпром” дене тарбия комплексинде чуркоонун сүйүүчүлөрү чогулушуп, жыл сайын өтүүчү Jaz Demi жарышына катышышты. Быйылкы бул ири масштабдуу спорттук иш-чарага Яндекс Goнун Тамак-аш сервисинин өнөктөш курьерлери да кошулушту.
Таанымал саргыч кийимдерди кийген катышуучулар 5 жана 10 чакырымдык аралыкты чуркап өтүштү. Марафонго катышуу курьерлер үчүн акысыз болуп: сервис каттоо акысын толугу менен төлөп, чуркоочулар машыгуудан кийин күч топтоо үчүн пайдалуу мерч жана ланчбокстор менен камсыздалышты.
Яндекс Go супераппы иш-чаранын өнөктөшү катары катышты. Сервистин командасы жеңил атлеттер жана алардын күйөрмандары үчүн эс алуучу аймак жана борбордук чекитке айланган интерактивдүү бренд-зонаны сунуштады.
Мындай демилгелер сервистин өнөктөштөрүнүн арасында активдүү жашоо образын колдоого жана шаардын спорт маданиятын өнүктүрүүгө багытталган. Jaz Demiне катышуу курьерлер үчүн кесиптик жолдо өз жөндөмдөрүн сынап көрүүгө гана эмес, ошондой эле борбор калаанын ири чуркоо коомчулугунун бир бөлүгү катары сезүүгө мүмкүндүк берди.