Биз социалдык тармакта

Спикер Стамбулда башталган ассамблеянын жыйынына катышты

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында башталган парламенттер аралык бирликтин ассамблеясынын жыйынынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара "үмүттү жаратуу, тынчтыкты орнотуу жана келечек муундар үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу" темасында уюштурулуп, башкы ассамблеянын жыйындары, туруктуу комитеттердин отурумдары, форумдар жана тематикалык жолугушуулар менен коштолору күтүлүүдө.
Ошондой эле төрага менен бирге жыйынга депутаттар Дастанбек Жумабеков, Бурун Аманова, Улан Примов жана Данияр Төлөнов катышууда.
Эскерте кетсек, 15-19-апрель күндөрү боло турган иш-чарага дүйнөнүн 157 мамлекетинен парламенттик делегациялар келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан