Социалдык тармактарда батирдин ичинде камалып калган бөбөктү терезеден кирип куткарган жигиттин видеосу тарады.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, үйдүн ичинде калган кичинекей кыздын апасы аталган жигиттен жардам сураган. Окуя Жал кичирайонунда болгону айтылды.
Видеодон бөбөктү куткарган жаран үстүңкү кабаттын терезесинен түшүп, батирге киргенин көрүүгө болот.