Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңештин депутаты болушу мүмкүн. Бул Чыңгыз Айдарбеков депутаттык мандаттан баш тарткандан кийин мүмкүн болууда.
Сөз №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бош калган орун тууралуу болууда. Бул орун мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин бошогон. Ал УКМК тарабынан мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган.
2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, кийинки талапкер болуп Мирлан Жеенчороев саналат. Ал шайлоодо 3324 добуш (8,34 пайыз) алган.
Буга чейин мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу, бирок ал ыктыярдуу түрдө андан баш тартты.
Эми мандатты кимге берүү боюнча акыркы чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алат.