Бүгүн, 25-январда саат 05:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымында кар көчкү түштү. Мындан улам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда ал жакта 1 жүктөгүч, 1 кар тазалоочу техника, 2 грейдер, 2 самосвал иштеп жатат. Жабыркагандар жок.