Биз социалдык тармакта

Президент облус, райондор жоюлуп, 20 округ түзүлөрүн билдирди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Оштун Ноокат районунун эли менен жолугушууда өлкөдө 20 округ түзүлөрүн билдирди.

Президент административдик-аймактык реформанын биринчи баскычы менен айыл өкмөттөр бириктирилип, ирилештирилгенин белгилеп, эми 2-3 жылдан кийин экинчи баскыч боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

"Бардык облус, райондор жоюлуп, 20дай округ түзүлөт. Биринчи пилоттук режимде бир округ түзүп көрөбүз. Ал кандай болот, өзүн-өзү кандай башкарат, республикалык дотациядан чыгабы же жокпу? Текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, анда облустар менен райондор жоюлат",- деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан