Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандарга карата жоопкерчилик күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамды кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгер айдоочу мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына себепчи болуп, адамдарга зыян келтирсе, жаза чаралары катаалдашат.
Эгерде:
Жеңил жаракат келтирилсе - 80 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат жана 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
Оор жаракат болсо - 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралып, 6 жылга чейин унаа айдабайт.
Өзгөчө оор кесепеттер келтирилсе - 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн, ал эми айдоочулук күбөлүгү 12 жылга чейин алынат.
Ошондой эле бул мыйзамсыз аракет кайталанган болсо, айдоочуга 100 миңден 150 миң сомго чейин айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, 1 жылга чейин камалат.
Долбоорду Министрлер кабинети демилгелеп, бул чаралар жол коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында ишке ашып жаткандыгы кошумчаланды.