Бишкекте алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал март айында 61 жаштагы таанышын алдап кеткен. Жабырлануучудан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын оңдоо жана унаага тетик алуу үчүн 165 миң сом алган. Бирок шектүү акчасын жана унаасын кайтарбастан качып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө анын дагы ушул сыяктуу 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.