Бишкекте унаа жолдун ортосунда чырдашкан айдоочуларга чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 жана 29 жаштагы айдоочулар Манас көчөсүндө жарандарды көзгө илбей, бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүшкөн. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Тийиштүү материалдар райондук сотко кароого жиберилди.