Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Тоң унаа жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Интернет желесине кырсыктын видеосу тарап, анда 5 жарандын жабыркаганы белгилүү болду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, кырсыкта Hyundai жана Toyota үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кырсыктын себептери такталууда.