Ливан Израил менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоонун алгачкы шарты катары ок атышууну толук токтотуу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматы маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Ага ылайык, расмий Бейрут тынчтыкка жетишүү үчүн биринчи кезекте куралдуу кагылышууларды токтотуу маанилүү экенин белгилейт. Ошондон кийин гана тараптар ортосунда түз диалог жүргүзүүгө шарт түзүлөт.
Буга чейин аймакта кырдаал курчуп, тараптардын ортосунда чыңалуу күчөгөнү кабарланган. Ливан бийлиги маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар экенин билдирүүдө.