Биз социалдык тармакта

Зидан “Реалга” кайтып келиши мүмкүн 

"Реал Мадрид" футболдук клубу башкы машыктыруучу кызматына бир нече талапкерди карап жатат. Алардын арасында Зинедин Зидан, Юрген Клопп, Дидье Дешам жана Маурисио Почеттино бар.

Маалыматка ылайык, клуб учурдагы машыктыруучу Альваро Арбелоаны сезон соңунда кызматтан кетириши мүмкүн. Бул чечим клуб Чемпиондор лигасында "Баварияга" утулуп, мелдештен чыгып калган соң каралууда.

Ошол эле учурда Клопп “Ред Булл” системинен кетүүгө кызыкдар эмес. Ал эми Зидан Франция курамасын жетектөөнү пландап жатканы айтылууда, ошондуктан анын “Реалга” кайтып келиши да күмөн.

Мындан тышкары, өзгөрүүлөр машыктыруучулар курамы менен чектелбестен, клубдун жетекчилигине жана оюнчуларына да таасир этиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан