УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Тимур Шабданбеков 13-июнга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалымдалгандай, райондук сот мындай чечимди кечээ, 15-апрелде чыгарган.
Айта кетсек, Шабданбеков Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренесине шектелип кармалган. Ал 10-февралда Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин кызматтан бошотулган.