Иран өлкө жетекчилерин өлтүргөндөрдү жоопко тартууну каалайт. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Орусиянын "РИА Новости" басылмасына билдирген.
Анын айтымында, мындай талапты Иран гана эмес, бүткүл эл аралык коомчулук колдоого алышы керек.
"АКШ менен Израилдин жасаган аракеттери тынчтыкка жана коопсуздукка каршы. Алардын кылганы адамзатка каршы кылмыш", - деген Исмаил Багаи.
Мындан тышкары ал БУУнун беренесине ылайык, бардык мамлекеттер гуманитардык укукту сактоого жана аны башкалардан да талап кылууга милдеттүү экенин эске салып өткөн.