Ош шаарында 14-апрель күнү көп кабаттуу үйдөн 2009-жылы туулган студент кыз кулап кеткен окуя катталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан №38 үйдө болгон. Кыз 6-кабаттан кулап кеткендиги тууралуу милицияга кабар түшүп, факт электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган.
Алгачкы маалыматтар боюнча:
• Жабыркаган кыз Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 2-курста окуган
• Ал ошол даректе курбулары менен чогуу жашаган
• Ата-энеси Орусияда эмгек миграциясында жүргөн
Күбөлөрдүн айтымында, окуя алдында кыз балкондон секирүүгө аракет кылганда курбулары кармап калышкан. Бирок бир аздан соң алар алаксып кеткен учурда ал терезеден секирип кеткен.
Кыз кулап жатып алгач даракка урунуп, андан кийин жерге түшкөн.
Учурда жабыркаган кыз ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал окуядан кийин эс-учун жоготуп, кийин өзүнө келген.
Бул факт боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын так себептери иликтенип жатат.
Белгилей кетсек, бул окуя тууралуу маалымат буга чейин социалдык тармактарда тараган.
Расмий органдар окуяны каттап, учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.