Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгы боюнча мүмкүн болгон кирешелерди баалады

Иран парламенти Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү деңиз ташууларына “башкаруу” киргизүүдөн түшө турган кирешени 10-15 миллиард доллар деп баалады. Бул тууралуу ISNA агенттиги парламент президиумунун мүчөсүнө таянып билдирди.
Депутаттын айтымында, учурда Ормуз кысыгындагы деңиз трафигин жөнгө салуу жана башкаруудан түшчү кирешелер ушул көлөмдө бааланууда. Бирок ал бул каражаттардын булактары жана кайсы мезгилди камтый турганы тууралуу так маалымат берген жок.
Маалыматка ылайык, ал Иран тарабынан даярдалып жаткан мыйзам долбоору боюнча комментарий берген. Бул документте Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм алуу сунушталган.
Ошондой эле мыйзам долбоору ирандык валютаны — риалды бекемдөөгө багытталганы айтылды. Ага ылайык, чет элдик кемелер кысык аркылуу өтүү үчүн төлөмдү эки жол менен жүргүзүшү мүмкүн:
• Ирандагы өз өкүлчүлүктөрү аркылуу
• же Ирандын банк тутумун колдонуу менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан