Биз социалдык тармакта

Украина менен Нидерланддар дрон өндүрүү боюнча биргелешкен келишимге кол коюшту

Украина жана Нидерланддар дрон өндүрүшү боюнча жаңы стратегиялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Нидерланддардын премьер-министри Роб Йеттен менен “Drone Deal” аталышындагы алгачкы келишимге кол коюлган. Документ эки өлкөнүн аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды биргелешип өндүрүүнү карайт.

Зеленскийдин айтымында, бул - кызматташуунун биринчи этабы гана болуп, алдыда кошумча келишимдер даярдалат. Ошондой эле Нидерланддарда да биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүү пландалууда.

Бул келишим Европада коргонуу өнөр жайы жана дрон технологияларын өнүктүрүү багытындагы кызматташтыктын кеңейип жатканын көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан