Биз социалдык тармакта

"Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду ирригациялык тармактарды жакшыртууга 7 млн сом бөлдү

Бакай-Ата, Айтматов, Манас жана Талас райондорундагы суу чарба объекттерин тазалоо жана ирригациялык тармактарды иретке келтирүү үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан 7 миллион сом каражат бөлүндү.

Бул каражатка 80 тонна күйүүчү жана майлоочу майлар сатылып алынып, төрт районго тең бөлүштүрүлдү. Ар бир районго 1 миллион 750 миң сомдон туура келди.

Демилге дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө, сугат суунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.

Белгиленгендей, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду жыл сайын аймактагы социалдык-экономикалык тармактарды колдоп келет. Айрыкча айыл чарбасын өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлор ишке ашырылып, бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 58 долбоорго 102 миллион 641 миң 863 сом каражат бөлүнгөн.

Алынган күйүүчү жана майлоочу майлар райондордогу тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясынын басма-сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан