
Өлкө аймагында акыркы суткада, 16-апрелде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул күнү Чүйдө 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 1, Нарында 5, Ысык-Көлдө 2 өрт кырсыгы чыккан.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырат.