Түркиянын мектептериндеги ок атууга байланышуу 162 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын Юстиция министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, кармалгандар мектептердеги кол салуулар тууралуу жалган маалымат таратууга жана социалдык тармактарда бул окуяларды ачык колдоого алгандыгы үчүн шектелишүүдө. Мындан тышкары, социалдык тармактардагы миңден ашык аккаунт аталган окуя тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн бөгөттөлгөн.
Учурда каргашалуу окуя боюнча териштирүү иштери уланып жатат.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы мектепте ок атуу болуп, тогуз адам каза болгон. Ушундай эле кырдаал бир күн мурун Сиверек шаарындагы кесиптик лицейде катталып, анда 16 адам жаракат алган.