Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К. жана Т.А. аттуу тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2 миң доллар талап кылышкан. Алар башкармалыктын имаратында 170 миң сом алып жаткан жеринен кармалышты.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан