Биз социалдык тармакта

Иран Ормуз кысыгын башкаруудан канча киреше табарын ачыктады 

Иран Ормуз кысыгын башкаруудан жылына 10-15 миллиард долларга чейин киреше табышы мүмкүн. Мындай сумма тууралуу өлкөнүн парламент өкүлдөрү билдиришкенин Ирандын ISNA агенттиги жазды.

Андагы маалыматка ылайык, учурда Тегеран Ормуз кысыгында көз карандысыз бийлик жүргүзүү боюнча план даярдоодо. Мындай чара улуттук валютаны бекемдөөгө да салым кошот.

"Чет элдик кемелер кысык аркылуу өткөнү үчүн төлөмдөрдү Ирандагы өз өкүлчүлүктөрү же банк аркылуу жүргүзө алышат. Бул чара улуттук каржы системинин туруктуулугун жогорулатууга жардам берет деп күтүлүүдө",- деп жазылган андагы маалыматта.

Мындан тышкары, парламент өкүлдөрү мындай кадам Ормуз кысыгындагы тартипти жөнгө саларын кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан