Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев Кыргызстанда өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын, күмүш жана коло медаль уткан балбандарга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Саткынбай Тентишев атындагы Азия эл аралык университети аларга сый тамак уюштуруп, акчалай да белектерин тапшырды.
- Грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль ээлери: Акжол Махмудов, Асан Жанышов, Афтандил Таалайбек уулу, Раззак Бейшекеевге Күрөш федерациясынын атынан 500 миң сомдон жана аталган университеттин атынан ар бирине 150 миң сомдук сертификат берилди.
- Кыз-келиндер күрөшүндө алтын медаль уткан Мээрим Жуманазаровага федерациянын атынан 500 миң сом жана окуу жайдын атынан 150 миң сом тапшырылды. Күмүш медаль ээси Айпери Медет кызына федерациядан 400 миң сом жана университеттин атынан 100 миң сом ыйгарылды. Ал эми коло медаль ээлери Нурзат Нуртаевага, Гүлнура Таштанбековага федерациянын атынан 300 миң сомдон жана окуу жайдын атынан 70 миң сомдон берилди.
- Эркин күрөш боюнча коло медаль ээлери: Яков Чаплинге, Абдымалик Карачовго, Эрназар Акматалиевге жана Жакшылык Байташовго Күрөш федерациясынын атынан 300 миң сомдон жана университеттин атынан 70 миң сомдон берилди.
Ошондой эле кыз-келиндер, грек-рим жана эркин күрөш боюнча башкы жана улук машыктыруучулар да Күрөш федерациясынын жана университеттин атынан акчалай сыйланышты.
- Кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Нурбек Изабековго жана улук машыктыруучу Нурдин Донбаевге - Күрөш федерациясынын атынан 500 миң сомдон, университеттин атынан 150 миң сомдон берилди.
- Грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоковго жана улук машыктыруучу Арсен Эралиевге - Күрөш федерациясынын атынан 500 миң сомдон, окуу жайдын атынан 150 миң сомдон тапшырылды.
- Эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу Азат Мирахимовго жана улук машыктыруучу Догдурбек уулу Эламанга - Күрөш федерациясынын атынан 500 миң сомдон, Азия эл аралык университетинин атынан 70 миң сомдон берилди.
Эркин Тентишев балбандарга жана машыктыруучуларга ийгиликтерди каалап, өлкө башчы Садыр Жапаровго спорт тармагын өнүктүрүүгө кошуп жаткан чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.