Биз социалдык тармакта

Чачыла чачкандай... Кытайда күйөөсүнө таарынган аял ири суммадагы акчаны чачып жиберди 

Кытайдын Шаньтоу шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн жашоочусу терезеден ири суммадагы акчаны чачып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, окуянын видеосун жарыялашты.

Андагы маалыматка ылайык, жалпы чачылган каражаттын көлөмү болжол менен 130-160 миң долларды түзгөн. Аялдын мындай кадамга эмне себептен барганы азырынча так эмес. Болжолдуу түрдө үй-бүлөлүк чыр же психикалык абалдын начарлашы себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

Ал эми окуяга күбө болгондор жерге түшкөн акчалардын басымдуу бөлүгүн жыйнашкан. Андан кийин жерине полиция кызматы келип, текшерүү иштерин жүргүзүп, тургундарга жыйналган акчаларды кайтарып берүү боюнча эскертүү берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан