
Жумгал районунда опузалап акча талап кылууга жана алдамчылыкка шектелип 40 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын 27 жаштагы жаранды өзүн-өзүн өлтүрүүгө жеткирүүгө катышы бар болгон. Маркум өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон. Текшерүүдө анын маркумга карата коркутуу жолу менен акча талап кылганы аныкталган. Маркумдун жакындары арыз жазышкан.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) жана 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.