
Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, билдирүү түшөрү менен окуя болгон жерге 8 куткаруучу барган. Алар денени суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.