Биз социалдык тармакта

Түркиядагы мектептеги ок атууда каза болгон окуучулар жерге берилди 

Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы мектептеги куралдуу кол салуудан каза болгон 8 окуучу жана бир мугалим жерге берилди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, 14 жаштагы ошол эле мектептин окуучусу Иса Арас Мерсинли тарабынан жасалган ок атууда 9 адам каза болуп, дагы 20 адам оор жаракат алган.

Окуяга күбө болгондордун аймында, ок чыгарган окуучу куралын мектепке көтөрүп келген сумкасына салып алган. Ал башталгыч класстын окуучулары отурган класска кирип келип, бир нече жолу ок чыгарган.

Түркиянын тергөө органдары ок чыгарган окуучу алган жаракатынан улам каза болгонун, анын үйүн тинтүү учурунда шектүү сүрөттөр табылганын билдирген. Анда кол салуунун алдын ала деталдуу планы болгону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан