АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы жаңжал жакында аяктайт деп күтөт.
"Мен Ирандагы согуш жакшы жүрүп жатат деп айтар элем. Ал жакында аякташы керек",- деген Трамп Лас-Вегаста сүйлөгөн сөзүндө.
Чет элдик басылмалар АКШнын президенти чогулгандарды келе жаткан жумада эмне болорун көрүүгө чакырганын жазышат.
"Сиз абдан таасирленсеңиз болот",- деп белгилеген америкалык лидер. Ал АКШ Иранга сокку урууга аргасыз болгонун кайталаган.
"Болбосо, жаман нерселер болушу мүмкүн эле",- деген Трамп.