Биз социалдык тармакта

Бишкекте 18 жана 20 жаштагы жигиттер тоноого шектелип кармалышты

Бишкекте 18 жана 20 жаштагы жигиттер тоноого шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр түндө мопед айдап бара жаткан 17 жана 14 жаштагы өспүрүмдөрдү токтотушуп, аларга күч колдонушуп мопедин жана Samsung A55 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан