Финляндиянын бир нече аймактарында асмандан адаттан тыш жарык кубулушу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Маалыматка ылайык, шаар тургундарынан асмандагы жарык тууралуу билдирүүлөр түнкү саат 02:30дан тарта түшө баштаган. Мындай көрүнүш Иливиески, Миккели, Лаппеенранта, Киурувеси, Пиетарсаари жана башка калктуу конуштардан байкалган.
Кийинчерээк бул табышмактуу жарык Орусиянын Плесецк космодромунан ракета учуруу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп полициядан билдиришкен.
Белгилей кетсек, 17-апрелге караган түнү Орусиянын аба-космостук күчтөрү Плесецк космодромунан "Союз-2.1б" ракета-алып жүрүүчүсү жана Коргоо министрлигинин кызыкчылыгындагы космостук аппараттар учурулган.