
Бүгүн, 17-апрелде президент
Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы
Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле уюмга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.
Президент 2025-жылы төрагалык кылган мезгилде Кыргызстан мамлекеттер аралык саясий диалогду чыңдоого, биргелешкен механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурганын айтты. Ошондой эле уюмдун башкы катчысын күзүндө мерчемделген ШКУ саммитине катышууга чакырды.
Масадыков президентке 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын баса белгиледи.