Казакстандын Маңгыстау облусундагы Каспий деңизинин жээгинен 100гө жакын тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу облустун Экология департаментине таянуу менен жергиликтүү ЖМКлар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаныбарлардын өлүгү 17-апрелде табылган. Аталган департаменттин адистеринин айтымында, тюлендер бир ай мурда өлүп, эми гана шамал аркылуу жээкке чыккан.
Учурда өлүмдүн алдын ала себебин аныктоо үчүн адистер анализге үлгүлөрдү алышты. Андан соң өлүктөр жок кылынат.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында бул аймакта 112 тюлендин өлүгү табылган. Окумуштуулар алардын өлүмүнө негизги себеп катары иммунитеттин алсырашын айтышкан.
Каспийде тюлендердин кырылышы дээрлик жыл сайын болуп турат. Окумуштуулар ар түрдүү себептерди аташат, бирок көп учурда Кызыл китепке кирген бул жаныбарлардын так эмнеден өлгөнүн аныктоо мүмкүн болбой келет. Ошол эле учурда каспий тюленинин саны кескин азайып баратат.