Жерди алдыдагы дем алыш күндөрү G1-G2 деңгээлиндеги магниттик бороон капташы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын илимдер академиясынын Космос изилдөөлөр институту кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Адистердин айтымында, магниттик бороондун таасири 18-19-апрель күндөрү байкалышы ыктымал. Жыл башынан бери алгачкы 100 күндүн 24 күнүндө магниттик бороон катталган. Бул акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экени айтылды.
Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 өтө күчтүү магниттик бороон деп бааланса, G1 алсыз магниттик бороон деп эсептелет.
Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, кан басымдын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн.