
АКШ Сенатынын Демократиялык партиясынын сенатору
Крис Ван Холлен Израилге аскердик жардамды, анын ичинде курал-жарак жеткирүүнү токтотууга чакырды. Ал бул тууралуу X социалдык тармагында билдирүү жазган.
"Биз салык төлөөчүлөрдүн эсебинен мындай катаал аракеттерге себеп болгон бомбаларды жана техниканы жөнөтпөшүбүз керек. Трамп жүргүзүп жаткан курал жеткирүүлөрүн кандай гана болбосун токтотушубуз керек", - деп билдирген ал.
Мындан тышкары сенатор Израил өкмөтүн Иран, Ливан багытындагы чыңалууну күчөтүп жатат жана Газа тилкесиндеги тургундарга каршы агрессия жүргүздү деп айыптады.