Бишкек-Ош унаа жолунун 92-чакырымында жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул туурасында Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-январь түнү Жайыл районунда эки такси сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам жеңил жарааттарды алышкан.