Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобунун балдары менен "Аттиң ай" ырына тарткан клиби жарык көрдү. Ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан бул тууралуу бөлүшүп, видеосун жарыялады.
"Сүйүнчү! “Аттиң айдын" клиби менин Ютуб каналымда. Кыргыз маданиятында жаңы тарых жараткан эмгек болуп, сиздерге жагат деген ниеттемин", - деп калтырган билдирүүсүндө ырчы айым.
Учурда Гүлназ Чыныбек кызы Чыгыш Африканын Руанда өлкөсүндө жүрөт, ал жакта африкалык бийчи балдар менен жолугушууларды өткөрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Moriox Kids тобунун балдары ырчынын аткаруусундагы "Аттиң ай" ырына жана башка кыргыз чыгармаларына бийлеп, видеолорду тартып чыгышкан. Бул видеолор социалдык тармактарда кеңири тарап, көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.