Кыргызстандык ырчы Нур Чолпон казакстандык белгилүү ырчы жана продюсер Димаш Кудайбергендин Voice Beyond Horizon аттуу музыкалык шоусунда өзүнүн "Фергана – Көчмөн эл" аталышындагы жаңы чыгармасынын бет ачарын кылып, алгачкы ирет ырдап чыкты.
Ырчы айым бул ырында бүтүндөй көчмөн элинин тарыхы, Улуу Жибек Жолу, кошуна элдер менен болгон ынтымак баяндалгандыктан, сынактын тематикасына шайкеш келе тургандыгын билдирди. Ал чыгармасы мындан 6 жыл мурун жарык көргөнүн белгилеп, бирок биринчи ирет бул сынакта ырдап чыкканы ал үчүн өзгөчө сезим жаратканын кошумчалады.
Нур Чолпондун аткаруусундагы ыр Казакстандын дүйнөгө белгилүү ырчысы Димаш Кудайбергенге өзгөчө жагып, калыстар тобу жогорку баа берди.