Биз социалдык тармакта

Милиция Кеминде 43 жаштагы киши үч жарандын колунан каза тапкандыгын билдирди

15-апрелде Чүй облусунун Кемин шаарында 43 жаштагы жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, маркумдун сырттан кароодо денесинде жаракаттар болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ошол түнү үч жаран дүкөндүн жанынан жабырлануучу менен пикир келишпестикке барып, аны эркине каршы дүкөндүн артына алып барып, эс-учун жоготкончо сабашкан. Шектүүлөр окуя болгон жерден качып кетип, жабырлануучу жеринде каза болгон.

Шектүү катары 31, 28 жана 29 жаштагы жарандар кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан