Биз социалдык тармакта

Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы апасын эскерди

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нурканбек Турсунбаевдин 85 жылдык мааракеси өтүп, ага театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова катышты.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында уюштурулган иш-чарада ал апасын да эскерип өттү.

"Апам менен Нуркан таякем ушул театрда чогуу иштеди. Ташкентте окуу жайды бүтүп келишти. Бүгүн эл да көп келип жатат. Аябай ыраазымын", - деди ал.

Эскерте кетсек, Асел Эшимбекова режиссёр Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” тасмасында Бегимайдын ролун жаратып, актриса катары таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан