Кыргызстандык мушкер Бактыгүл Курманбекова Кытайда өткөн ММА боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти.
Ал кытайлык атаандашы Сяони Лю менен беттешип, 3:0 эсебинде утуп алды.
“JCK Kings 013” турниринин алкагында өткөрүлгөн беттеш 18-апрелде Люйлян шаарында өткөрүлдү.
Бул жеңиш кыргызстандык спортчунун эл аралык аренадагы ийгиликтүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калды.