Орусияда чыгармачыл жубайлар ортосундагы чыр трагедия менен аяктады
Орусиянын Москва облусундагы Мытищи шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатактын кесепетинен жубайлар бири-бирине кол салып, каза болушту.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, каза болгондор жергиликтүү ФЭСТ театрынын актеру Владислав Бенграф жана анын жубайы, аталган театрдын кызматкери Евгения Бенграф болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 23 жаштагы Евгения ажырашуу тууралуу чечим кабыл алып, мындан улам түнү жубайлардын ортосунда катуу жаңжал чыккан. Болжолдуу жубайлар бири-бирине бычак менен кол салганы айтылууда.