Биз социалдык тармакта

Бишкектин 7-кичирайонунда мушташкан жарандар кармалышты

Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда мушташкан балдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге ыкчам түрдө милиция кызматкерлери барып, 1999-жылы туулган М.Н., 1999-жылы туулган А.А., 1998-жылы туулган Г.Р. жана 2000-жылы туулган Р.Д. аттуу жарандарды аныктап, райондук башкармалыкка жеткиришкен.

Аларга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция мындай аракеттер үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан