Биз социалдык тармакта

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык балдар менен жаңы чыгарма жаратты

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобу менен бирге "Сүйүү тараталы" аттуу жаңы чыгарма жаратты. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Ырчы айымдын айтымында, жаңы ыр Африка өлкөлөрүндө кызыгуу жаратып, угармандар арасында популярдуу боло баштаган. Учурда бул чыгармага клип тартуу иштери да башталган.

"Буюрса, алгачкы жолу чыгармачылыгымда эл аралык чыгарма жаралып жатат, элестетиңиздер. Бул ырым Африкада хит боло баштады. Сиздерге да жаккан чыгарма болот деп ишенем. Ошондой эле бул ырга клип тартуу иштерин да баштап алдык. Бизге күч-кубат тилеп коюңуздар",- деп билдирүү калтырган ал.

Буга чейин ырчы айым аталган топтун балдары менен "Аттиң ай" ырына клип тарткан. Ага Руандадагы ырчы айымдын күйөрмандары жылуу сөздөрүн жазышкан. Гүлназ Чыныбек кызынын бул чыгармасы Кыргызстан менен Руанданын ортосунда маданий көпүрө жаратты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан