Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Азия чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кечээ, 19-апрелде Кытайдын Ордос шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия чемпиондугунун алкагындагы командалык мелдеште Кыргызстандын курама командасы коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпиондугунун командалык мелдештеринде алгачкы жолу байге утушту.
Эске салсак, мелдештер 16-18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты. Мелдештин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 комплект медаль ойнотулду. Аталган турнирде Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан