Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасында төрөтү тууралуу билдирүү калтырган.
Анда ал кош бойлуулук мезгили жеңил өтпөгөнүн, ага кесарево жолу менен төрөө сунуштары айтылганын белгилеген. Бирок буга карабай балбан айым табигый жол менен төрөгөн.
"Сиздерге менин төрөтүм кандай өткөнүн бөлүшүүнү чечтим. Кош бойлуу кезимде өз алдынча төрөй албайсың, кесарево жолу менен төрөйсүң деп маанайды түшүргөн учурлар көп болду. Албетте, Алланын жардамы менен өзүм төрөп жана өзүм эне сүтү менен кичинекейимди чоңойтуп жатам. Төрөт үйүн да кылдаттык менен тандап алдым. Өзүм сезимтал болгондуктан мага төрөт учурундагы комфорт маанилүү экенин сезип жеке төрөт үйүн тандадым",- деп билдирүү калтырган ал.
Айта кетсек, кыргыздын белгилүү балбан кызы 1-мартта көз жарып, түгөйлөр уулуна Али аттуу ысым коюшкан.