Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Зиядин Жамалдиновго карата кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.
Экс-аткаминер Биринчи Май райондук сотунун чечими менен СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынды. Ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан деп шектелүүдө.
Айыпталуучу буга чейин Ош облусунун башчысы жана “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.