Биз социалдык тармакта

Спикер Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Орусиядагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.
Жыйынга катышуу үчүн барган делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Улукбек Узакбаев жана Азамжан Джалилов бар.

Эскерте кетсек, бүгүн Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт. Аталган ассамблеяга Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун жана Тажикстандын парламенттери мүчө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан